Бенто 800 сомдон
Буйрутмага торттор, Бишкек
Бенто-торт 3 саатта
Кутудагы кичинекей торт, жазуусу же сүрөтү менен. Крем каймак жана крем-сырдан. Ичинде шам, открытка жана кашык.
Instagram'да 3 350 жазылуучу жана 1 600дөн ашык пост
- Бенто 3 саатта
- Табигый ингредиенттер
- Бишкек боюнча жеткирүү
Салам, мен Нурзадамын
Торт менен бентону Бишкекте, буйрутма менен гана бышырам. Кремди каймак жана крем-сырдан жасайм, ингредиенттер табигый. Бардык тортторду өз колум менен жасайм, ошондуктан эки бирдей торт болбойт.
Интернеттен сүрөт жөнөтсөңүз, аны так көчүрбөйм. Идеясын алып, майрамыңызга жана жазууңузга жараша өз дизайнымды жасайм. Бенто кутусуна дайыма кашык салып коём.
Нурзада, Nur Sweets
Менин иштерим
Кимге экенин тандаңыз. Торт жакса, «Ушундай керек» баскычын басыңыз.
Канча турат
Бенто кутусуна шам, каалоо жазылган открытка жана кашык салам. Торт да шам жана открытка менен.
Кант басма сүрөт, мөмө жана татаал жасалга кымбатыраак, баасын WhatsApp'та айтам. Шаар боюнча жеткирүү акылуу, өзүңүз алып кетсеңиз да болот.
Тортту колум менен жасайм, ошондуктан сүрөттөгүдөй так чыкпайт. Окшош, бирок өзүнчө болот.
Кантип буйрутма берүү
- WhatsApp'ка жазыңыз: майрамы, күнү, жазуусу. Идея үчүн сүрөт жөнөтсөңүз болот.
- Дизайн менен начинканы сунуштап, баасын жана убактысын айтам.
- Өзүңүз аласыз же шаар боюнча жеткирип берем. Жеткирүү акылуу.
Бенто 3 саатта даяр болот. Чоң тортко алдын ала буйрутма бергениңиз жакшы.
«Любимая наша! Волшебница тортиков и самый чудесный человек. Спасибо большое за труд, за каждый торт, сделанный с душой.»
Буйрутма түзүңүз
Керектүүсүн тандаңыз, WhatsApp'ка даяр билдирүү кетет. Баасы ошол замат эсептелет.
Көп берилүүчү суроолор
Жазыңыз, сүйлөшөбүз
Майрамын жана күнүн айтыңыз, сүрөт болсо жөнөтүңүз. Жооп берип, баасын айтам. Бенто 3 саатта даяр болот.
WhatsApp'ка жазуу